ОБЪЕКТ ПРОГРАММАЛООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБЪЕКТ ПРОГРАММАЛООСУ, о б ъ е к т - багытталма программалоосу­негизги концепциясын объект жана класс түшүнүктөрү түзгөн программалоо үлгүсү (пара­дигмасы). Объект-багытталма мамиле төмөнкү негизги принциптер топтомун камтыйт. Бардык нерсе объект болуп эсептелет. Эсептөө, бир объект башка бир объектинин кайсы бир ара­кетти аткаруусун талап кылып, объектилер ор­тосундагы өз ара аракеттенишүү жолу (берил­мелерди алмашуу) менен ишке ашырылат. Объек­тилер билдирүүлөрдү жөнөтүү жана алуу аркы­луу өз ара аракеттенишет. Билдирүү - керектүү аргументтер менен толукталган, аракетти атка­рууга болгон өтүнүч (запрос). Ар бир объект эс­тутумга ээ жана объектилердин'жалпы касиетин туюнткан класстын өкүлү (нускасы). Класста объектинин иш мүнөзү (функциясы) көрсөтүлөт. Бир класстын нускасы болуп эсептелген бардык объектилер бир эле аракетти аткара алат. Класс­тар бирдиктүү дарак түрүндөгү, жалпы тамыр­луу, мурастоо иерархиясы деп аталган түзүлүшкө бириккен. Кайрылууда чексиз кайталануулар

болбошу үчүн, кандайдыр бир этапта объект ага кайрылган билдирүүнү, программалоо чөйрөсү жана тили сунуштаган стандарттуу системалык объектинин билдирүүсүнө айландырат. О. п. ири программа комплекстерин иштеп чыгууга багыт­талган.