ОБРАЗЦОВ Сергей Владимирович
ОБРАЗЦОВ Сергей Владимирович [22. 6 (5. 7). 1901, Москва - 8. 5. 1992, Москва] - советтик театр ишмери, актёр жана режиссёр, СССР эл арт. (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1918-26-ж. Жогорку сүрөт өнөрканасынын живопись факультетинде окуган. 1922-36-ж. Москвакөркөм академиялык театрында (МХАТ; (1926-жылдан Немирович-Данченко атындагы музыкалык театр) музыкалык студиясынын, артисти. 1931-жылдан мамлекеттик борбордук куурчак театрынын жетекчиси, Эл аралык куурчакчылар союзунун вице-президенти 1958-жылдан болгон. Балдарга арналган спектаклдери: «Каштанка» (Сперанский, 1935), «Кайыптын амири менен» (Е. Тараховская, 1936), «Мистер Твистер» (С. Маршак, 1961), «Аладдиндин чырагы» (Гернет,

1940); чондор үчүн: «Рождество алдындагы түн», «Бугу-король» (Е. Сперанский, 1941, 1943), «Укмуштуу концерт» (И. Шток, 1946) ж. б. Койгон фильмдери: «Укмуштар жанында» (1962), «Кинокамера айыптайт» (1968), «Ишенбей турган чындык» (1970), «Ошол Васька кимге керек?» (1973). СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1967). 2 Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган