ОБРАЗ
ОБРАЗ көркөм адабиятта - турмуштун конкреттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. О. илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз предметин көркөм О. аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйбасына, турмуш чындыгына, көрүп-билген кишилерге алымча-кошумчаларын киргизет, натыйжада О-дын эстетикалык жана тарбиялык кудурети көрүнөт. Чыгармадагы О-дын аткарган кызматына жана турган ордуна карап, адабият таануу илиминде кейипкер, башкы каарман, экинчи даражадагы каарман, мүнөз, тип деп бир нечеге ажыратылып жүрөт. Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасына катышкан кейипкеркаармандар - Искендер, Бектур, Кабыл, Зулайканын ата-энеси, Карымшак, Максүт, Насип, Алымбай, Учей-Фу, Литун-Чан. Булардын ичинен чыгарманын фабуласында башкы орунда туруп, көп окуяларга катышып, ошол окуялар анын тегерегинде өнүккөн каармандар бар, мындай каармандар башкы каармандар болот. Драмада мындай милдетти Искендер менен Зулайка аткарат. Бул экөө - драманын башкы каармандары. Башка каармандар алардын ар кандай ишаракетине жардам берип, же тоскоолдук кылып, айрым эпизоддордо гана көрүнүшөт, чыгарманын идеясын ачып берүүдөгу бөксөлүктөрдү толтурушат да, экинчи даражадагы, же жардамчы каармандар болуп саналат. О-ды жазуучунун эстетикалык идеалына туура келер-келбесине карап, шарттуу түрдө оң жана терс О. болуп бөлүштүрүлүп жүрөт. Бул О. сөзсүз ушул эки лагерге ажыроо керек деген эреже эмес. Жазуучулар метафоралык жана символдук образдарды да кеңири пайдаланышат. О. жанрдык модификациясына карата лирикалык, эпикалык, драмалык О. деп бөлүнөт. Сүрөттөө өзгөчөлүктөрүнө ылайык реалисттик, романтикалык 0. болуп бири-биринен жанрлардын жана методдордун өзгөчөлүктөрүнө ылайык да айырмаланып турат. 0. түшүнүгү искусствонун пайда болгон мезгилинен тартып, ар түрдүү мезгилдерде адабий агымдарга жана көркөм методдорго ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө учурап келди.