ОБОЧОЛОНУУ
ОБОЧОЛОНУУ - бир түрдүн ичиндеги особдордун өз ара эркин аргындашуусунун кыйындашы же токтолушу. О. түр ичиндеги топтун же жаңы түрдүн пайда болушуна алып келет. Эволюциянын эң жөнөкөй факторлорунун бири. Табиятта 0. географиялык жана репродукциялык (биол.) болуп айырмаланат. Географиялык О. бир түрдүн белгилүү популяциясы, ошол эле түрдүн башка популяциясынан кандайдыр бир географиялык тоскоолдуктар - суу, кургактык, тоо ж. б. менен бөлүнөт да, акырында ал бөлүнгөн популяция өз алдынча түргө айланат. Мындай географиялык О.- түр пайда болуунун негизги факторлорунун бири, себеби ал четтелген (обочолонгон) популяциялардын ортосундагы аргындашууга жана тукум куугуч информациялардын алмашуусуна тоскоол болот. Репродукциялык же биологиялык 0. табигый шартта бирге жашаган организмдердин ортосунда аргындашуунун болбой калышы. Анын бир нече түрү бар: этол. (жаныбарлардын жүрүм-турумундагы айырмачылык), экол. (жашоо шартындагы айырмачылык), мезгилдик же убактылуу (көбөйүү мезгилиндеги айырмачылык), морфол. (организмдердин же алардын айрым органдарынын көлөмүндөгү жана түзүлүшүндөгү айырмачылык), генетикалык (жыныс клеткалардын дал келбөөчүлүгүнө алып келүүчү тукум куугуч аппаратындагы айырмачылык). Бардык обочолонгон түрлөр бири бирине көз карандысыз жана ар кандай комбинацияда айкалыша алат. Репродукциялык О-нун пайда болушуна узакка созулган географиялык О. түрткү берет.