ОБИШИР МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБИШИР МАДАНИЯТЫ - Обишир үңкүрүнүн аты менен аталган мезолит дооруна (биздин заманга чейинки 9-6 миң жылдык) таандык археол. маданият. Күлдүн калдыктары, оттук таштан жасалган тери иш­тетүүчү куралдардын түрү, шибеге жана сөөктөн жасалган кооздуктар, айрым турак жайларда жебелер, чөп орууга ылайык таш ороктор та­былган. Ошондой эле Борбордук Фергананын түздүгүндөгү О. мад-на таандык жайлардан нуклеустар, мик­ропластиналар кездешкен. Обишир мергенчиле­ри аркар, теке, жейрен, элик жана каманга аң­чылык кылышкан. Негизги куралы жаа жана жебе болгон. Аң терилерди иштетип, кийим жана идиш жасашкан. Үй тиричилигинде жы­гач, сөөк, мүйүздү иштетүү орчундуу орунду ээле­генетикалык О. маданиятынын тургундары жарым көчмөн турмушта жашап, табигый үңкүрлөрдү турак жай катары пайдаланышкан. Түзөң жерлерде жеңил алачыктарды курушкан деп да божомол­донот. О. маданиятынын белгилери Ферганадан тышкары аймактарда кездешпейт.