НӨЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НӨЛ (латынча пиПиз - эч кандай) - каалаган санга кошкондо же кемиткенде анын маанисин өзгөртпөй турган сан. Ал «0» символу менен белгиленет. Н. цифра катары көп орундуу сандардын же ондук бөлчөктөрдүн жазылышында белгилүү бир разряддын бирдигинин жоктугун белгилөө үчүн колдонулат. Ар кандай санды Н-гө же Оду ар кандай санга көбөйткөндөгү көбөйтүндүсү Н. болот: а ■ 0=0 же 0 -а=0. Санды Н-гө бөлүүгө мүмкүн эмес. Эгерде эки чыныгы же комплекстүу сандардын көбөйтүндүсү Н. болсо, анда алардын бири Н. болуш керек: аЬ=0, а=0 же Ь=0.