НЮРНБЕРГ ПРОЦЕССИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЮРНБЕРГ ПРОЦЕССИ - Фашисттик Герма­ниянын башкы согуш кылмышкерлер тобун сот­тоо. 1945-жылы 20-ноябрдан 1946-жылы 1-октябрга чейин Нюрнберг ш-нда (Германия) СССР, АКШ, Франция жана. Улуу Британия мамлекеттери­нин өкүлдөрүнөн [трибунал мүчөлөрү: СССРден И. Т. Никитченко, А. Ф. Волков; АКШдан Фрэн­сис Биддл, Жон Ж. Паркер; Франциядан Анри де Вабр, Робер Фалько; Улуу Британиядан лорд­сот Жеффри Лоренс (төрагасы), Норманн Бир­кеттер] түзүлгөн эл аралык аскер трибуналы өткөн. Процесс бир мезгилде төрт тилде жүргүзүл­гөн. Сотко фашисттик Германиянын жогорку аскер жана мамлекеттик ишмерлери тартылган. Процесс­те гитлерчилердин тынчтыкта жана адамзатка каршы жасаган кылмыштары ашкереленген. СССР (Р. А. Руденко), АКШ (Роберт X. Жэк­сон), Улуу Британия (X. Шоукросс) жана Фран­ция (Ф. де Ментон, кийин Ш. де Риб) мам­лекеттеринин өкүлдөрүнөн негизги айыптоо

Эл аралык аскер трибуналынын соттук заседание залы. Нюрнберг ш. 1945.

комитети түзүлгөн. Сотко тартылгандардын баары (Г. Шахт, Ф. фон Папен, Г. Фричеден башкала­ры) айыптуу деп таанылып, 12 адам (рейхсмар­шал Г. Геринг, тышкы иштер министри И. фон Риббентроп, генерал-фельдмаршал В. Кейтель, коопсуздук кызматтын башчысы Э. Кальтен­бруннер, оккупацияланган чыгыш жерлеринин иштери боюнча министр А. Розенберг, Полыпанын генерал-губернатору Г. Франк, Чехия менен Мо­равиянын империялык протектору В. Фрик, Штюрмердин басма кызматкери Ю. Штрейхер, жумуш күчтөрү менен камсыз кылуучу Ф. Заукель, генерал-полковник А. Йодль, Голландия рейхс­комиссары А. Зейс-Инкварт, Гитлердин жакын кенешчиси, партиялык канцеляриянын жетекчиси М. Борман) өлүм жазасына (даргага асууга), 7 адам узак мөөнөткө же өмүр бою камакка алуу­га өкүм чыгарылган. Трибунал улутчул социалисттик партиясын (СС), мамлекеттик жашыруун полицияны (гестапо), коопсуздук кызматын (СД), нацист­тик партиянын жетектөөчү курамын кылмыш­туу уюмдар деп тааныган. Н. п. - согуш кыл­мышкерлерин соттогон тарыхтагы биринчи эл аралык процесс.