НЮРНБЕРГ
НЮРНБЕРГ - Германиядагы шаар. Пегниц д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Майн - Дунай каналындагы порт. Калкы 504,5 миң (2010). Жол тоому. Метрополитен иштейт. Машина куруу, түстүү металлургия, электр-техникалык, полиграфиялык, жыгаччылык, жеңил ө. ж.; карандаш жана оюнчук өндүрүшү иштейт. Алгач 1050-жылдан эскерилет. 1219-жылдан эркин империя шаары. Консерватория (1821), музейлер (Германия улуттук, транспорт, оюнчук), шаардык сүрөт топтому, кол өнөрчүлөрдүн конок үйлөрү, сурөтчү А. Дюрердин үй-музейи (ушул шаарда туулган), опера театры (1905) бар. Император сепили (11-к.), соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13-15-к.), 15-17-к-га таандык турак жайлар сакталган. 1945-46-ж. Н. процессинде эл аралык аскер трибуналы тарабынан 2-дүйнөлүк согуштун башкы согуш кылмышкерлери соттолгон.