НЬЮТОН ЗАКОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЬЮТОН ЗАКОНДОРУ — классикалык механи­канын негизин түзүүчү үч закон. 1687-жылы И. Нью­тон аныктаган. Бирйнчи закон: эгерде нерсеге башка нерселер аракет этпесе же ал аракеттер бири-бирин компенсацияласа, анда ал нерсе тынч абалда же бир калыпта түз сызыктуу кый­мылда болот. Экинчи закон: нерсенин массасы­нын анын ылдамдануусуна көбөйтүлгөн көбөй­түндүсү нерсеге аракет этүүчү күчкө барабар, ылдамдануунун багыты күчтүн багытына дал келет. Бул закон Р = ат формуласы менен бери­лет, мында Р - күч, а - ылдамдануу, т - мас­са. Үчүнчү закон: эки нерсе бири-бири менен чоң­дуктары боюнча барабар, багыттары боюнча кара­ма-каршы күч аркылуу аракеттенишет. Закон Р =-Р2 түрүндө жазылат. Н. з. Г. Галилейдин, нидерл. окумуштуу X. Гюйгенстин жана И. Нью­тондун өзүнүн көптөгөн байкоолорунун жана теориялык из-лөрүнүн жалпыланышы болуп эсептелет.