НЬЮ ЙОРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЬЮ-ЙОРК - АКШнын түндүк-чыгышындагы шаар. Нью-Йорк штатында. Атлантика океа­нынын жээгинде, Гудзон д-нын чатында (ал аркылуу Улуу көлдөргө каналдаштырылган суу жолу өтөт), Манхэттен а-нда (шаардын негизги бөлүгү) жайгашкан. Климаты мелүүн, нымдуу. Январдын орт. температурасы -1°С, июлдуку 23°С. Жылдык жаан-чачыны 1000 мм. Экол. абалы шаарда машиналардын көптүгүнөн жана ө. ж-дан чыккан зыяндуу заттардын негизинде өтө на­чарлоодо. Шаардын үстүнө боз түшүп турат. Аянты 816 миң км2. Калкы 8,5 миллион (2010); Чоң Нью-Йорк агломерациясы менен 19 миллион. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 180 миллион гжүк ташылат). Ж. Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту бар. Мет­рополитен иштейт.

1614-жылы Манхэттен а-нда голландиялык ээликтин би­ринчи чеби пайда болгон. Ал 1626-жылы аралдын Түндүк Америкадагы борборуна («Жаңы Амстер­дам» деген ат менен) айланган. 1664-жылы

англиялык­тар басып алып, Н.-Й. деп атаган. Англия-Гол­ландия согушунда (1672-74) Н.-Й-ту 1673-жылы голландиялыктар, 1674-жылы англиялыктар кай­ра ээлеген. Н.-Й-ту Түндүк Американын көз ка­рандысыздык үчүн согушунда (1775-83) англ. ас­керлер басып алган. 1785-90-ж. АКШнын убак­тылуу борбору болгон. АКШнын экономикалык, саясий, соода-финансы, илимий жана маданий борбору. Ка­питалисттик дүйнөдөгү дан эгиндерин, кант, металл ж. б. товарларды соодалоочу ири ры­нок. Ө. ж-нын негизги тармактары: тигүү, по­лигр., металл иштетүү, машина куруу, нефть ажыратуу, жеңил жана тамак-аш. Н.-Й-то БУУ­нун штаб-квартирасы жайгашкан. Шаар 5 бө­лүктөн турат: Манхэттен а. - шаардын ишкер бөлүгү; Лонг-Айленд а-нда - Бруклин жана Куинс аймактары, материкте - Бронкс району, Ста­тен а-нда - Ричмонд району. Университеттер, метрополи­тен-музей (АКШнын ири сүрөт топтому топтол­гон), музейлер (заманбап искусство, С. Р. Гугген­хайм, табигый-тарых, индейлер, жөнөкөй искусство, еврейлер), 80ден ашык театр, Бродвей [Н.-Й-тогу эң узун көчө, Манхэттен а-ндагы баш­кы магистраль; узундугу 25 кмге чейин; маданий ме­кемелери (анын ичинде театрлар) ушул жерде жайгаш­кан], Шекспир фестивалы өткөрүлчү туруктуу аянтча, Линкольн борборунун драма театрла­ры (анын ичинде «Вивьен бомонт тиэтр»), Эркиндик статуясы (1886, Буткул дуйнөлук мурастын тиз­месине киргизилген), «Метрополитен-опера», «Карнеги-холл» ж. б. бар. Классицизм стилин­деги ратуша (1803-12), неоклассика (Федерал­холл, 1833-42), неоготика (Тринити-чёрч чир­көөсү, 1839-46) стилиндеги үйлөр сакталган. Манхэттен а-ндагы асман тиреген курулушта­ры: «Эмпайр стейт билдинг» (1930-31; 102 ка­бат), Рокфеллер борбору (1931-40), Эгиз мунара (эл аралык соода борбору 1971-73; 110 кабат, бийиктиги 412 м; 2001-жылы 11-сентябрдагы терракт­та толугу менен кыйраган), Т\ҮА компаниясынын аэровокзалы (1962), Линкольн искусство борбору (1960), Түндүк-чыгышында (негрлер жашаган Гар­лем геттосу), Манхэттенда жана Бруклинде тар көчөлүү, ыплас жерлери көп.

Таймс-сквер.