НУСУПОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУСУПОВА Жумагүл Балтабаевна (17. 5. 1931- жылы туулган, Фрунзе) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (2011). Фрунзе ш-нда­гы педагогикалык окуу жайын (1949), Кыргыз кыз-келиндер пе­дагогика институтун (азыркы И. Арабаев атындагы КМПУ, 1953), КМУну (1965) бүтүр­гөн. 1953-54-ж. комсомол­дун Фрунзе шаарындагы 1-Май р-ндук, 1954-59-ж. Талас, Фрунзе обл. комитеттеринин

секретары, 1960-62-ж. партиянын Фрунзе шаардык комитетинин секретары, 1962-69-ж. пар­тиянын Фрунзе шаарындагы 1-Май райкомунун 1-секретары, 1969-80-ж. Кыргызстан КП ВКда бөлүм башчысы, 1980-85-ж. Кыргыз ССР маданият ми­нистри, 1985-2008-жылы М. В. Фрунзенин үй-му­зейинин директору, 2008-жылдан кеңешчи-кон­сультанты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5 жолку депутаты (1963-80). 2 «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.