НУСКООЧУ АКЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУСКООЧУ АКЫН, нускоочу ырчы­төкмөчүлук таланты күчтүү, ырларынын маа­ниси терең, көркөмдүгү жогору ырчылар. Алар табигый шыгынын бийиктиги, чыгармачылык дара­метинин күчтүүлүгү менен жамакчылардан айыр­маланат. Токтогул, Барпы, Жеңижок сыяктуу акындарга эл Н. а. деген атак ыйгарган. Булар­дын чыгармачылыгы акындык поэзиянын эң жогорку бийиктигине жеткен.