НУРТАЗИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРТАЗИН Акан (21. 11. 1962-жылы туулган, Фрунзе) - балет артисти, КРдин эмг. сиң. арт. (1992), КРдин эл арт. (2001), Москва академиялык хо­реогр. окуу жайын бүтүр­гөн (1982). 1982-жылы А.

Мал­дыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрына кабыл алынган. 2009-жылдан башкы хореограф. «Саманчынын жолу», «Аккуу көлү», «Макбет», «Куйручук», «Жизель» ж. б. балеттердеги башкы партияларды аткарган. 1989-жылы «Бастилия» балетинде Маркиз де Лан­тенаканы мыкты аткарган үчүн «Нооруз-91» фе­стивалында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма теат­рында коюлган «Баттерфлайдагы» Сонг-Лилин­гдин партиясын эң жакшы аткаргандыгы үчүн биринчи сыйл. ээ болгон. Сирия, Иордания, Япо­ния, Германия, Кытай, Түркия ж. б. чет өлкө­лөрдө гастролдо болгон. Кыргызстан жаштар сыйл. лауреаты (1992).

А. Нуртазин - Абдурахман. «Раймонда». А. Глазу­нов. Улуу Британия. 2006.
Shape 4930