НУРПЕИСОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НУРПЕИСОВ Абдижамил Карим уулу (22. 10. 1924-жылы туулган, азыркы Кызыл-Ордо обл., Арал району, Көк-Арал) - казак жазуучусу. 1956-жылы М. Горький атындагы адабият институтун бүткөн. Чыгармачылыгы 40-жылдарынын акырында башталган. 1950-жылы Ата Мекендик согуштун оорчулугун баяндаган «Курляндия» (2-редакциясы - «Күткөн күн», 1958) романын жарыялаган. Улуу Октябрь революциясы болор алдындагы казак эмгекчилеринин оор тагдырын, теңдик үчүн күрөшүн көрсөткөн «Кан менен тер» (1-китеп - «Ымырт», 1961; 2-китеп - «Азап жолу», 1964; 3-китеп - «Кыйроо», 1970) үчилтигин жазган. Бул чыгарма психол. анализдин айкындыгы, улут мүнөздөрүн ажарлуу ачып бергендиги менен баалуу (СССР мамлекеттик сыйл., 1974). Үч орден менен сыйланган.