НУРГАЗИЕВ Догдурбек Бакасович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРГАЗИЕВ Догдурбек Бакасович (28. 3. 1955- жылы туулган, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз району, Чоң Кы­зыл-Суу айылы) - живописчи, КР маданиятына эмг. сиң. ишмер (2001), КРдин эл сүрөтчүсү (2011), проф. (2011), Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академия­сынын мүчөсү (2005), 1991- жылдан КР Сүрөтчүлөр сою­зунун мүчөсү. 1978-жылы Фрун­зедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвада­гы В. И. Суриков атындагы көр­көм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясы­нын

аспирантурасын бүтүр­гөн. 1985-жылдан респ. жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу (Герма­ния, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксем­бург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония ж. б.). Өздүк көр­гөзмөлөрү: «Тоолор» (1996), «Тоолор

симфония­сы» (2002, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көр­көм искусство музейинде); «Улуттар дворецинде» (2000, Женева ш.); КРдин эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган (1996, Дубай ш.); «Ку­пуя жаңырык» (2003, Астана ш.), «Кыргыз жа­ратылышы» (2008, Эл аралык искусство шаарча­сы, Париж) Н. чыгармачылыгында постмодернизмге ыктайт. Эмгектери КМШ өлкөлөрүнүн музейле­ринде орун алган (Москвадагы Чыгыш искусство музейинде, Женевадагы Улуттар дворецинин га­лереясында ж. б.).

Д. Нургазиев. «Ак булуттар», 2011.