НУКЛЕИН КИСЛОТАЛАРЫ
НУКЛЕЙН КИСЛОТАЛАРЫ, полинуклеот и д д е р - табиятта кеңири таралып, нуклеотиддерден турган биол. активдүү биополимерлер. Аны 1-жолу 1868-жылы щвейцариялык илимпоз Ф. Мишер клетка ядросунан бөлүп алган. Н. к-нын генетикалык информацияны сактоо жана аны келечек муунга өткөрүү, митоз, белоктордун биосинтезин ж. б. биохим. процесстерди ишке ашырууда биол. мааниси чоң, башкача айтканда организмдин түрүн, формасын, курамын жана функциясын аныктайт. Н. к. курамына кирүүчү моносахариддерге карата 2 түргө бөлүнөт. Н. к-нын курамында рибоза болсо, рибонуклеин кислотасы (РНК), ал эми дезоксирибоза болсо, дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) деп аталат. Н. к-нын молекуласында нуклеотиддер бири-бири менен 3', 5' көмүртек атомдорундагы фосфаттык байланыш аркылуу байланышкан. РНКга углевод - рибоза, азоттуу компонеттер - аДенин, гуанин (пурин негиздери), урацил жана цитозин (пиримидин негиздери) кирет. ДНКда углеводдезоксирибоза, азоттуу негиздер - аденин, гуанин, цитазин жана тимин болот. Н. к. белоктор сыяктуу эле биринчилик жана экинчилик структурага ээ. Нуклеотиддердин ырааттуу түз тизмекте жайгашышы биринчилик структураны, ал эми макромолекулалардын мейкиндикте жайгашышы экинчилик структураны берет, ошондой эле к. Дезоксирибонуклеин кислоталары, Рибонуклеин кислоталары.