НОУТБУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОУТБУК (англ. notebook - жазуу дептерче­си) - энергия булагы автономдуу системалуу, көтөрүп жүрүүчү (портативдүү) микрокомпьютер (чакан компьютер). Заманбап Н-тарда интег­ралдык схеманы. миниатюрлашты­руу (кичирейтүү) тармагынын же­тишкендиктери колдонулат. Ал бе­рилген маалымат­ты кадимки ком-

пьютердей эле ылдамдыкта иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Автономдуу энергия булагы катары заряддалуучу батареялар колдонулат жана суюк кристаллдык дисплейи болот. Н. те­тиктеринин кичинелиги жана көтөрүп жүрүүдө чыдамдуулугу менен баалуу.