НОТА (дипломатия)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОТА дипломатияда (латынча по1а - белги, эскер­түү) - эл аралык укукта бир мамлекеттин экин­чи мамлекетке кат жүзүндө расмий кайрылуу­су; расмий дипломатиялык документ (нааразылык бил­дирүү, кандайдыр бир факт жөнүндө кабарлоо дагы ушул сыяктуу). Н-ны дипломатиялык өкүлдүктүн башчысы же тышкы иштер ведомствосу өз атынан же өкмөт башчысынын атынан (кээде мамлекет башчы­сынын атынан) жиберет.