НОРМАНДИЯ ДЕСАНТ ОПЕРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРМАНДИЯ ДЕСАНТ ОПЕРАЦИЯСЫ (1944), «О в е р л о р д» - 2-дүйнөлүк согушта 1944-жылы 6-июнь - 31-августта америкалык-англ. аскерлердин Нормандияда (Түндүк-Батыш Франция) жүргүзүл­гөн операциясы; Европада экинчи фронттун ачы­лышы. Ага америкалык 1-армия, англ. 2-армия (21- армия тобу), 6 минден ашуун кеме, 11 мин са­молёт, 2 миллион 876 миң киши катышкан. Десант Нормандиянын Омаха, Меч, Юнона, Золото, Юта пляждарына түшүрүлгөн. Биринчи эшелон­до 8 дивизия болуп, 6-июнда 1 с 30 лгиндан саат 2ге чейин Кан жана Карантан аймактарына үч аба-десант дивизиясы түшүрүлгөн. 6-июнь күнү кечинде союздаштар 3 плацдармды ээлеп, дениз аркылуу 5 дивизия, 1 бронетанкалуу бригада түшүргөн. Алар түшүрүлөрдөн мурда 3 с 14 мин- да авиациялык кол салуу башталып, 5 с 50 минрр кеме артиллериясы ок атууга киришкен. 12- июнда америкалык-англ. аскерлер 80 км аралыкта со­гушуп, душманды 10-17 клгге чегиндирген. Бул салгылашта 16 дивизияга фашисттердин 12 диви­зиясы каршы турган. Июлдун башында ал плац­дармга 1 млндой адам жеткирилген; бул учурда америкалык 1-армияда 13, англ. 2-армияда 12 дивизия болгон. 21-июлда 110 км аралыкка чейинки плацдармды ээлеп, душманды 30-50 клгге чегин­дирген. Бул жылыш планда белгиленгенден 2 эсе аз болгон. Бирок аба салгылашында америкалык- англ. авиация үстөмдүк кылган. Н. д. о-нын жү­рүшүндө америкалык-англ. аскерлердин ийгиликке же­тишине советтик аскерлердин Карел мойногунда, Беларуссияда жана Батыш Украинада баштаган операциялары, ошондой эле фр. Каршылык көрсөтуу кыймылына катышкан күчтөрдүн активдүү чы­гуулары көмөк берген. Н. о-нан кийин Париж бошотулган.