НОРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРМА (латынча погтпа - жетектөө негизи, эреже, үлгү) - жалпы кабыл алынган жана коом мүчө­лөрү үчүн милдеттүү эреже, жүрүм-турумдун же аракеттердин үлгүсү, бир нерсени жүзөгө ашыруу тартиби. 1) т и л илиминде, к. Тилдик норма; 2) у к у к т а, к. Укуктук норма; 3)математикада сандын абсолюттук чондугун (модулун) жалпылоочу түшүнүк. Мисалы, х векторунун Н-сы деп ||х|| узундугу ата­лат; 4) басма ишинде басма табактын 1-бетинин төмөнкү сол бурчуна берилүүчү маа­лымат (мисалы, басмакана номери, басылмалар­дын кыскартылып аталышы же автордун аты­жөнү); 5) ММК кызматкеринин күнүмдүк же бир айлык аткарылуучу ишинин чени.