НОРДКАП АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРДКАП АГЫМЫ Скандинавия жана Кола ж. а-нын түндүк жээктери аркылуу аккан жылуу агым. Норвег агымынын бир тармагы. Кышын­да суунун температурасы 2-5°С, жайында 5-8°С. Ылдамдыгы 25-50 см/сек. Н. а-нын таасиринен Баренц денизинин түштүк-батыш бөлүгү тонбойт.