НОРВЁГ ДЕҢИЗИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НОРВЁГ ДЕҢИЗИ - Түндүк Муз океандагы четки деңиз; Скандинавия ж. а. менен Шетленд, Ферер, Исланд, Ян-Майен, Аюулуу аралдарынын ортосунда жайгашкан. Норвегиянын батыш жээгин чулгайт. Аянты 1340 миң кмг. Эң терең жери 3970 м. Норвегиянын жээгинде тайыздыктар
(Лофотен) жайгашкан. Февралдагы суунун темпрасы 2-7°С, августтуку 8-12°С. Туздуулугу 35,2%0ге чейин. Н. д. аркылуу өткөн Норвег агымынын таасиринен деңиз суусу тоңбойт. Суткасына эки жолу ташкындайт (3,3 мге чейин). Балык (треска, сельдь) кармалат. Негизги порттору: Тронхейм, Нарвик, Тромсё.