НООКАТ РАЙОНУ
НООКАТ РАЙОНУ - Ош облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Район 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Түндүк-батышынан Өзбекстан, түндүгүнөн Араван, чыгышынан Кара-Суу, батышынан Баткен облнун Кадамжай, түштүгүнөн Алай жана Чоң Алай р-ндору менен чектешет. Аянты 4,04 миң км2 (облустун аймагынын 13,9% и). Калкы 236,4 миң (2009). Райондо бир шаар (Ноокат), 15 айыл аймагы жана 74 кыштак бар. Ворбору - Ноокат ш.
Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Аймагында Ноокат. өрөөнү (деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200- 1700 м) жана ага туташ адырлар, Кичи Алай кырка тоосу (4454 м), КичиАлай өрөөнү (1200-

2800 м), Кербен түздүгү (Кербен - Көк-Жар) жатат. Көмүр (Абшыр, Алмалык, Беш-Буркан кендери), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Жайы ысык, кургак, кышы мелүүн суук, кар аз түшөт. Ноокат өрөөнүндө январдын орт. температурасы -2,6°С, июлдуку 24,4°С, Кичи Алай өрөөнүндө январдыкы -6,9°С, июлдуку 15,5°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 270-300 мм. Ири суулары: Кыргыз-Ата, Абшыр-Сай, Ак-Вуура, Кичи Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чили-Сай. Суулары сугатка кеңири пайдаланылат. Найман суу сактагычы курулган. Каралжын боз, күрөң, кара күрөң (тоо капталдарында), шалбаалуу тоо топурактары басымдуу. Деңиз деңгээлинен 1200-1500 м бийиктикте эфемер-шыбактуу талаа, андан жогору (500-1800 м) ак кылкан шыбактуу талаа, дан өсүмдүк-шыбактуу талаа (1800-2200 м), арчалуу шалбаа (2000-2800 м), субальп, альп шалбаалуу талаасы (2800-3400 м) жана гляциалдык-нивалдык алкактары бар.
Райондун аймагында облустун калкынын 16,8% и жашайт. Калкынын 71,4% ин кыргыздар түзөт. Ошондой эле өзбек (27,8%), татар, орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 51 адам туура келет. Н. р-нун экономикасынын негизин дыйканчылык (тамекичиликке адистешкен) жана эт-сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. Жалпы жер фондусу 404,4 миң га, анын ичинде айыл чарбага жарамдуу жери 191,4 миң га (жеринин 47,3% и). Айдоо аянты 38,0 миң га (анын 18,6 миң гасы сугат жер), 1,4 миң га бак-дарактар, 3,3 миң га чабынды, 148,6 миң га жайыт. Тамеки (айдоо жердин 2,5 миң гасы), дан эгиндери (22,9 миң га, анын ичинде буудай 19,7 миң га), жүгөрү (3,1 миң га), май алынчу өсүмдүктөр (2,1 миң га), картөшкө (3,0 миң га), жашылча (1,4 миң га) ж. б. өстүрүлөт. Багбанчылык (2,8 миң га) өнүккөн. Райондо бодо мал, жылкы, кой жана эчки асыралат. Үй куштары багылат. Райондогу ө. ж. ишканалары: тамеки ферменттөөчү «Максат», «Баргы» АКтары, «Астарта-Дюбек»; жоопкерчилиги чектелген ишканалары: «Дары-Булак-Абшыр», «Ноокат-Намеда» АК, «Ноокат-
Тамекиси» жабык типтеги АКтары, нан, калош заводу (Найман кыш-нда) иштейт. Райондун аймагында Улуу-Тоо лиственит кени, Улуу-Тоо оникс кени, Улуу-Тоо пикрит кени, Улуу-Тоо кальцедон кени бар.
Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош - Ноокат - Кызыл-Кыя, Ноокат - Кызыл-Кыя - Араван автомобиль жолдору өтөт. Райондо 108 жалпы билим берүүчү мектеп, 5 мектепке чейинки мекемелер, китепканалар бар. Райондук, номердик жана 9 участкалык ооруканалар, учук диспансери, тиш поликлиникасы, 38 ФАП, 22 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт.
А. Низамиев.