НОЗЕМАТОЗ
НОЗЕМАТОЗ — аары жана жибек куртунун жугуштуу ылаңы. Аарынын ыланын Мозета архз, ал эми жибек куртунда ЬГозета ЪотЬус1з Ма§ митеси козгойт. Аарынын негизинен ортонку ичегисинин эпителий клеткалары ылаңга чалдыгат, ал жерде нозема мителеп, татаал өсүпөнүгүү циклинен өтөт. Митенин ээси - бакма жана жапайы аары. Аарынын денесинен
споралар сыртка бөлунүп чыгып, балды, перганы, сотаны булгайт. Соо аарыга алиментардык жол менен (ооз аркылуу) жугат. Ылаңга чалдыккан аары кескин начарлайт, алыска кетпей бал челектин тегерегинде араң жөргөлөйт, кээ биринин курсагы көөп кетет. Бал челектеги жумушчу аарылар кызматын аткарбай, эне аарылар жумуртка тууганын токтотот, тез эле өлөт. Ылаң кээде тымызын формада өтөт. Н-ду дарылоодо фумагиллин (фумагиллин ДЦГ, фумидил Б) колдонулат. Алдын алууда аарыны жана жибек куртун туура азыктандыруу жана кышка жакшы камдоонун мааниси чоң. Бал челек жана рамкаларды тазалаган соң формальдегиддин 4% түү эритмеси менен дезинфекциялоо максатка ылайык.
Ад.: Гробов О. Ф., Лихотин А. К. Болезни и вредители пчел. 2-е изд. Перераб. и доп. М., Мир, 2003.