НОГОЙ ОРДОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОГОЙ ОРДОСУ (14-к-дын аягы-16-к-дын 2- жарымы) - Волга (Эдил, Итиль) жана Иртыш д-нын аралыгында түзүлгөн көчмөндөр мамле­кети. 1395-96-ж. Тимур жүрүш жасап, Сарай­Беркени басып алгандан кийин Алтын Ордо ку­лаган жана анын ордуна Н. о-су менен кошо Си­бирь хандыгы, Казан хандыгы, Крым хандыгы түзүлгөн. Н. о-нун аталышы Батыйдын кол баш­чыларынын бири Ногойго байланышканы жана ал мамлекеттин элин кийин анын аскери (не­гизинен маңгыттар) түзгөнү тууралуу маалы­маттар айтылат. Илимий эмгектерде Н. о-нун негиз салуучулары - Балтычак бектин уулу Едиге (1396-1411) жана анын уулу Нур ад-Дин (1412- 19). Алардын тукуму хан атагын алууга укугу болгон эмес, ошондуктан өздөрүнө «бектер беги» же «улуу эмир» деген титул беришкен. Нур ад­Диндин тушунда түндүк-батышынан Волга - Жа­йык (Урал), түндүгүнөн Казан ш., чыгышынан Батыш Сибирь ойдуңу, түштүгүнөн Арал, Кас­пий деңиздерин кучагына алган мамлекет ка­лыптанып, бул аймактагы жалгыз шаар - Са­райчук анын борбору болуп калган. Ордо бир нече өз алдынча улустардан туруп, аны мырза­лар бийлеген. 15-к-дын орто ченинде анын чек арасы Сыр-Дарыянын ортонку агымына чейин жеткен. Бул мезгилде Н. о-ндагы көрүнүктүү ролду Бакас бийдин уулдары Муса мырза (1491-1502) менен Жамгырчы (1502-04) ойногон. 16-к-да кээ бир ногой уруулары Волганын ба­тышына көчүп, алар «кичи ногойлор» деп ата­лып калган. 1550-жылдардын орто ченинде Ка­зан, Астрахан хандыктарынын Россияга

кошу­лушу менен Н. о. ыдырап, бир нече ээликке бөлүнгөн. 17-к-дын башында орус бийлиги кал­мактарга Волга жээгинен конуш бергенден ки­йин, ногойлордун негизги бөлүгү Түндүк Кавказды карай жылган. Н. о-нун акыркы бийи (1621- 39) Касым бий болгон.

Ад.: Сафаргалиев М. Г. Распад Золотой Орды. Саранск, 1960. Жолдасбаев С„ Бабаев Д. История Казахстана средних веков. А., 2003.