НОВЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВЕЛЛА (итал. поуеПа - жаңылык) - проза­лык чакан жанр, аңгеменин сюжет, компози­циясы так, баяндоосу жана психол. рефлекция­сы жок, окуялары өзгөчөлүккө ээ болуп, сим­волика элементтери катышкан бир түрү. Кайра жаралуу доорунда (14-16-к.) пайда болгон. Ита­лияда Боккаччо, Саккети, Мазуччо сыяктуу авторлор өткөн турмуштан же фольклордук сюжеттерден алып, чакан чыгармаларды жаза башташкан. Бул өзүнчө бир жаңылык болгон да, итальян тилинде «жаңылык» («новелла») деп аталган. Н-нын көркөмдүк өзгөчөлүгү - адам­дын кадимки турмушун күтүлбөгөн курч кыр­даалдар менен айкалыштырып сүрөттөөгө не­гизделгендиги Н-нын мыкты үлгүлөрүн Ги де Мопассан, Э. Хемингуэй, С. Цвейг, А. Чехов, А. Горъкий сыяктуу жазуучулар жазган. Кй­йинчерээк мындай чыгармалар алгачкы алка­гынан чыгып, өзүнчө бир жанр даражасына көтөрүлгөн. Жанр катары Н. төмөнкүдөй бел­гилерге ээ: конкреттүү бир каармандын турму­шуна кайрылышы; каармандардын иш-араке­тинин чектелип көрсөтүлүшү; сюжетинин күтүл­бөгөн башталмаларга же бүтүмдөргө ээ болу­шу; чыгарманын көбүнчө бир гана деталдын не­гизинде куралышы. Кыргыз адабиятында Н-нын өнүгүшү А. Токомбаевдин «Өлүм кимди кор­кутпайт», «Күүнүн сыры», Ж. Турусбековдун «Бир болгон иш» деген чыгармалары менен баш­талат.