НОБЕЛЬ
НОБЕЛЬ Альфред Бернхард (ЫоЪе1) (21. 10. 1833, Стокгольм - 10. 12. 1896, Италия Сан-Ремо) - швед инженери, химик, динамитти ойлоп табуучу; Эл аралык Нобелъ сыйлыгын негиздөөчү. 1842-жылы Нобелдердин үй-бүлөсү Санкт-Петербургга көчүп келишет. Н-дин атасы Россияда торпеда чыгарууга киришет. Н. да атасы менен бирдикте орус армиясынын согуштук заказдарын аткара баштайт. Крым согушу (1853-56) Нобелдердин компаниясын гүлдөтөт. Альфред өзү жардыргыч заттарды изилдөө менен алектенет. 1868-жылы нитроглицеринди сиңирип алуучу заттардын аралашмасын - динамитти ойлоп таап, ага патент алат. Ал ачылыш пайдалануучулар чөйрөсүндө «динамит же Нобелдин коопсуз жарылгыч порошогу», - деп аталган. Ал капитал топтоп, атагы чыга баштайт. Ал өзүнүн атындагы фондуну түзүп, анын эсебинен физика, химия, физиология жана медицина, адабият жаатында, тынчтык ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн жыл сайын атайын сыйлык берилип турулушун Н. керээз калтырган, к. Нобелъ сыйлыгы.