НИЯЗБЕК БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЯЗБЕК БИЙ (болжол менен 1745, Кетмен-Төбө өрөөнү - 1842-43, Ысык-Көл кылаасы) - кыр­гыздын сарыбагыш уруусунан чыккан чоң бий, Эсенкул баатырдын уулу. 19-к-дын 1-жарымын­да Кеминден Илеге чейин - түштүгүнөн Ысык­Көлдүн күнгөйүндөгү урууларды бийлеп турган. Кокон хандыгы кр1 алып, Ташкент, Түркстан, Олуя-Ата ш-н караткандан кийин, Талас, Чүй, Иле жакты басып алууга киришкен. Курал-жа­рагы жана туруктуу аскер жагынан артыкчылык кылган Кокон аскер башчылары кабарчы жи­берип, согушсуз багынууга чакырган жана солто уруусунун бийи Канайды ак үйлүү кылып, Олуя­Ата чебине алып кетишкен. Мындай абалда Н. б., сарыбагыштан Абайылда, Таштанбек, сол­тодон Эшкожо, Бектен, бугу уруусунан Муратаа­лы ж. б. бийлер менен кеңешип, Коконго кара­байбыз деп чечишкен. Н. б. Кокон аскерине кар­шы бир нече жолу салгылашуу уюштуруп, би­рок кыргыздар жеңе албай койгон. Натыйжада бул уруулардын көпчүлүгү болжол менен 1810- 15-ж. Иленин жээгине көчкөн. Мындан кийин кокондуктар Ажыбек датканы арага салып, кээ бир урууларды кайра Чүйгө көчүрүүгө жетиш­кен. Бирок Н. б. башындагы сарыбагыштар Кокон хандыгына кароодон баш тарткан.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.

Р. Жолдошов.