НИТРОФЕНОЛДОР
НИТРОФЕНОЛДОР - фенолдун С6Н.ОН ядросундагы суутек атомдору нитротобу - ЙО2 менен орун алмашуудан алынган сары түстүү кристаллдык заттар. Балкып эрүү € 44-45°С; кайноо I 214-214,5°С; сууда эригичтиги 0,21%, спиртте, бензолдо, ацетондо, эфирде, пиридинде ж. б. эриткичтерде эрийт; от алуу 1 117°С. Фенолду суюлтулган НЬЮ3 менен нитрлөө жана андан ары аралашманы фракцияларга ажыратуу, 145-150°Сде басым астында нитрохлорбензолду НаОНтын суудагы эритмеси менен гидролиздөөдөн алынат. Күкүрттүү боёгучтардын, 2-аминофенолду, 2-нитрофенолду өндүрүүдө колдонулат. Н. уулуу болгондуктан, абадагы концент-сы 1 мг/м3дан ашпоо керек. Ал нерв системасына таасир этет, былжыр челдерди, терини дүүлүктүрүп, дерматит жана өнөкөт экземаны пайда кылат. Аминофенолдорду, белокторду алууда жана гербицид катары колдонулат.