НИТРАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИТРАТТАР - азот кислотасынын НЫО3 туздары; түссүз кристалл заттар. Кадимки температурада ту­руктуу. Сууда жакшы эрийт. Ысытканда О2 бөлүп чыгарып ажырайт. Көпчүлүк суусуз Н. балкып эрүү температурасынан төмөнкү температурада ажырайт. Активдүү металлдардын Н-ын ысытканда нит­риттерге өтөт: 2КМО3—> 2КМО2 + О2. Калган ме­таллдардын Н-ынын көпчүлүгү ысытканда ме­талл. оксидине, кычкылтекке жана азот (IV) ок­сидине ажырайт: 2Си(ЫО3)2 =2СиО + 41ЧО2+ О2. жогорку температурада кычкылтекти бөлүп чыга­рат да, күчтүү окистендиргич болушат. Прак­тикада натрий, калий, аммоний жана кальций Н-ынын мааниси өтө чоң. Натрий нитраты МаЫО3 (натрий селитрасы) табиятта көп, ал эми калий нитраты КНО3 (калий селитрасы) аз кез­дешет. Металлга, оксиддерге, кээ бир туздарга НМО3тү таасир этүү ж. б. жолдор менен алынат. Бул туздардын экөө тең жер семирткич катары колдонулат. Калий нитратынын курамында өсүмдүк үчүн зарыл болгон азот жана калий эле­менттери бар. Натрий жана калий селитралары айнек алууда, жарылгыч заттарды (аммонит­терди) даярдоодо, тамак-аш ө. ж-нда продукту­ларды консервалоодо колдонулат. Кальций нит­раты Са(МО3)2 (кальций селитрасы) негизинен азот кислотасын акиташ менен нейтралдашты­руудан алынат, жер семирткич катары колдону­латынча Аммоний нитратында ЫН^ЫО, өсүмдүктөр жёңил өздөштүрө турган азоттун саны башка нитраттарга же аммоний туздарына салыштыр­ганда өтө жогору.