НИОБИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИОБИЙ КЕНТАШТАРЫ - курамында өндүрүп алууга жарактуу өлчөмдө ниобий жана анын би­рикмелери бар минералдар менен тоо тектердин чогундусу. Физикалык-химиялык касиеттери бирДей болгон­дуктан, тантал бирге кездешет. Н. к-нын не­гизги минералдарына колумбит (Ее, Мп) (N6, Та)2О6 (курамында №>2О5 50-76% ке жетет), пи­рохлор (Са, Ма)2 (N5, Та, Т1)2О6 (ОН, Е) (кура­мында ЫЪ2О. 40-70% ке чейин), фергусонит Ү(№>, Та)О4 (мында ЫЪ2О5 38-58%), эвксенит Ү(№>, Т1, Та)2О6 (курамында №>2О5 21-34%) сыяктуу ми­нералдар кирет. Эгер кенташтын курамында ЫЬ2О. 0,15-0,2% тен кем болбосо, ал ө. ж-лык мааниге ээ. Чачынды кенде колумбит 0,1- 0,15 кг/м3те жетсе, ниобий өндүрүлөт. Н. к. кар­бонатит, гранит, граносиенит, сиенит тектери менен байланышкан. Ниобий ракета курууда, авиа­цияда, атом реакторлорунда, электроникада ж. б. тармактарда кеңири колдонулат. Эң ири кени Бразилияда (Араша), Канададан (Ока, Сент-Онор), Урал тоолору менен Кола ж. а-нда та­былган.