НИКОЛЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОЛЕНКО Павел Фёдорович (24. 8. 1914, азыркы Чүй обл., Панфилов району, Чалдыбар кыш. - 3. 1. 1983, Харьков) - Советтик Союз. Баа­тыры (1943). Советтик Армияга 1941-жылы Панфилов р-ндук аскер

комиссариаты­нан чакырылган. 1943-жылы Владивостоктогу аскер-техникалык окуу жайын бүтүп, ошол жылы февралда кенже лей­тенант чининде Түндүк-Ватыш фронтуна жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта (1941-45) взводдун, ротанын командири. 1943-жылы 6-ок­тябрда Губин кыш. үчүн салгылашта курман болгон батальондун командиринин ордуна командир­лик кылып, душмандын 9 чабуулунун мизин майтарууга жана батальондун контрчабуулга өтү­шүнө жетекчилик кылган. Салгылашта өзү душ­мандын 6 жоокерин өлтүргөн. 1944-жылы оорусуна байланыштуу запаска чыккан. Пржевальск ш-нда Мамлекеттик банктын башчысы, эсепчи болуп иштеген. Кийин Харьковдо жашаган. Ленин, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.