НИКОЛАЙ II

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОЛАЙ II, Николай Александро­вич Романов [6(18). 5. 1868, Царское Село, азыркы Пушкин ш. - 17. 7. 1918, Екатерин­бург] - Россиянын акыркы императору [21. 10(2. 11). 1894 - 2(15). 3. 1917], Александр Шнүн уулу. 1894-жылы Н. II гессен-дармштадт улуу герцогдун кызы - Алисага (Александра Фёдоровна) үйлөн­гөн. Н. Пнин төрт кызы жана уулу - Алексей (1904) болгон. Мамлекеттик иш үчүн кем акылдык кылган, көшөрүп айтканын бербегендиги жана эрки жоктугу менен айырмаланган. Кийин мамлекеттик маселелердин көбүн ханыша чечип, Г. Е. Рас­путин сыяктуу авантюристтердин таасиринде калган. Ак сөөктөрдүн бийлигин чыңдоо үчүн

оокаттуу дыйкан­дарга таянууга (к. Столыпиндин аг­рардык реформа­сы), Мамлекеттик дума­ны түзүүгө (1906) аракеттенген. Н. Пнин мезгилин­де революциячыл кый­мыл күчөп, ал ага каршы армияны, полицияны, сот­ту, «полициялык социализм» чара­ларын пайдалан­ган, агрессиячыл тышкы саясатты активдеш­тирген [к. Орус-япон согушу (1904-05Ц. Петер­бург жумушчуларынын тынчтык жүрүшүн аткандыгы үчүн [к. Тогузунчу январъ (1905)] «Канкор Николай» атка конгон. 1917-жылы Фев­раль революциясында 2(15)-мартта тактан баш тарт­кан, 8(21)-март Н. II үй-бүлөсү менен Александ­ровск хан сарайында (Царское Село) камакка алы­нып, адегенде Тобольскиге, Октябрь революциясынын жеңишинен кийин Екатеринбургга айдалган. Урал обл. советинин токтому боюнча атылган.

Ад.: Воейков В. Н. С царем и без царя. 2-е изд. М., 1995; Боханов А. Н. Николай II. М., 1998.