НИКОБАР АРАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИКОБАР АРАЛДАРЫ Инди океанынын түндүгүндө; 19 аралдан турат. Индиянын Андаман жана Никобар союздаш аймагынын түштүк бөлүгүндө, Бенгал булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында. Аянты 1,6 миң км2. Ири аралдары - суу астындагы кырка тоолордун чокулары (бийикт. 642 м), чакандары - кораллдар. Дайыма жашыл тропик токою, өскүлөн чөптүү шалбаа ээлейт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Балык, трепанг кармалат. Үлүл чогултулат.