НИКИШОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИКЙШОВ Пётр Петрович (1917, Ставрополь крайы, Солдат-Александров кыш. - 1999, ошол эле жер) - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1972). Ростов мамлекеттик университетин (1940), Москвадагы Жогорку дипломатиялык мектепти (1943) бүтүргөн. 1943-54-ж. дипломатиялык иштерде, 1954-58-ж. Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүнүн лекторлор тобунун башчысы, 1958-68-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Эмгектери Кыргызстан жана Кыргызстан КП тарыхына, КПССтин тышкы саясатына жана эл аралык мамилелерге арналган.