НИКЕЛЬ КЕНТАШТАРЫ
НИКЕЛЬ КЕНТАШТАРЫ - курамында өндүрүп алууга жарактуу өлчөмдө никель кездешкен минералдардын топтолушу. Өз ичинен жез-никелдүү сульфид жана силикаттуу Н. к. болуп бөлүнөт. Негизги минералдарына: пентлиндит, миллерит, халькопирит, кубанит, пирротин, магнетит кирет. Мындай кенташтар кристаллдуу калкандар менен байыркы платформалар орун алган аймактардагы магмадан пайда болгон кендерге кирет. Норит, перидотит, габбро-диабаз интрузияларынын астынан жана чет
жактарынан орун алат. Кабат, линза, тарам түрүндө жолугат. Сульфидцүү кенташта никель 0,3-4% ке жетет. Мындай кенташтан никелден тышкары Со, ошондой эле Аи, Р1, РЪ, КЪ, 8е, Те, 8 өндүрүлөт. Кендери Норильск, Печенга, Канада, Түштүк Африка ж. б. жерлерден орун алган. С и л и к атт у у Н. к-нын курамында никель минералы кездешкен ультранегиздүү тектердин үбөлөнүп талкаланышынан жаралган борпоң жана чопо сыяктанган катмарларынан орун алат. Негизги минералдары болуп нотронит, керолит, серпентин, гётит, асболан эсептелет. Мындай кенташтар никелдин аз санда болуп, запасынын көптүгү менен мүнөздөлөт. Гарниерит, непуит, никель керолити, ферригаллуазит сыяктуу минералдары жаракалуу, контакттуу, аймактуу татаал геол., тектоникалык, гидрогеол. шартта пайда болот. Кенташтын курамын байытат. Силикаттуу кенташтар өз ичинен темирлүү, магнезийлүү, кремнийлүү, чополуу түрлөргө бөлүнөт. Кендери Уралдан, Украинадан, Канададан табылган.
Ад.: Смирнов В. И. Геология полезных ископаемых. М., 1982; Ермолов В.А. и др. Месторождения полезных ископаемых. М., 2001; Месторождения металлических полезных ископаемых. М., 2005.