НИКЕЛЬ
НЙКЕЛЬ (латынча Niccolum), N1 - элементпгердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элемент. Катар номери 28, атомдук массасы 58,71. 1751-ж. швед окумуштуусу К. Кронштедт ачкан. Табиятта Н. 5 туруктуу изотоптун аралашмасынан турат: 58№, 6°Ы1, «‘N1, «N1, “N1. Жер кыртышынын массасы боюнча 5,8-10'3%ин түзөт. Күмүш түстүү ак металл, иштетүүгө ийкемдүү, созулгуч, ферромагниттүү касиетке ээ; тыгызд. 8,9 г/см?, балкып эрүү I 1453°С, кайноо 1 3000°С. Кычкылтек менен 500°Сден жогору температурада гана аракеттенет. Окистеринен маанилүүсү N10 - сууда эрибеген жашыл кристаллдар. Галогендер менен ысытканда кошулуп, №Х2пайда кылат. Күкүрттүн буусунда күйүп, кара түстөгү сульфидди N18 берет. Азот менен жогорку температурада да реакцияга кирбейт. Нитриди кыйыр жол менен алынат. Селен менен №8е жана №8е2, теллур менен NiTe жана М1Те2, мышьяк менен №3Аз2, көмүртек менен Ni₃C ж. б. бирикмелерди пайда кылат жана +2 жана +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Аны кислотада эриткенде жашыл түстөгү эки валенттүү Н. туздары пайда болот. Алар эритмелерден кристаллгидраттар түрүндө бөлүнүп чыгат. Металл түрүндөгү Н-ди хлорлогондо №С12нин кургак, алтын сымал кристаллдары алынат. Н. сульфаты №8О4-7Н2О жана Н. нитраты М1(МО2)2-6Н2О - жашыл, ромб түрүндөгү кристаллдар. Туздарга щелочту таасир этүү менен жашыл түстөгү Н. гидроксидин №(ОН)2 алууга болот. Үч валенттүү туздары эки валенттүү туздарына караганда туруксузураак. Н-ди кенден бөлүп алуу татаал, ошондуктан аны кендеги башка металлдарды (Со, Ге, Си) бөлүп алган соң, А1, СО же Н2 менен анын оксиддеринен (N10, Н13О4, №2О3) калыбына келтирүү жолу менен алынат: ЗNiO+2А1=3№+А12О3 Алынган таза эмес Н. электролиз жолу менен же термиялык ажыратуу аркылуу тазаланат: №(СО)4-»№+4СО. Көбүнчө кооздоо, коррозиядан сактоо үчүн, башка металлдардан жасалган буюмдун бети туздарынын суудагы эритмелери менен капталат. Н. ысыкка чыдамдуу, коррозияга туруктуу, механикалык жактан бекем, магниттик жана электрдик касиеттерге ээ болгондуктан, атайын куймаларды (мисалы, хром-никелдүү дат баспас болот, электр-техникалык куймалар) өндүрүүдө колдонулат. Химиялык ө. ж-нда химиялык атайын аппараттарды жасоодо, көпчүлүк процесстердин катализаторлору катары ж. б. пайдаланылат.