НИКЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИКЕ у к у к т а - эркек менен аялдын үй-бүлө курууга расмий кириши. Болочок жубайлардын бул расмий адатты кабылдоосу менен алардын бири-бирине жана балдарына карата укуктары жана милдеттери келип чыгат. КРдин Конституциясына ылайык үй-бүлө (анын ичинде Н.) мамлекеттин коргоосуна алынган. Тиешелүү тартипте катталган Н. гана укуктук натыйжага ээ. Жарандык абал актыларын каттоо органдарына Н-ге тУРУУну суранып, арыз берилгенден бир ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт (жүйөлүү себеби болсо, бул мөөнөт кыскартылышы мүмкүн). Жубайлардын өз ара укуктары менен милдеттери Н. катталгандан күчүнө кирет. Н-лешүүчүлөрдүн ыктыярдуу макулдашуусу жана алардын нике жашына (адатта 18 жашка) толушу Н-ге туруунун шарты болуп эсептелет.