НИИГАТА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НИИГАТА - Япониядагы порт шаар. Япон деңизинин жээгинде, Хонсю а-нын борбордук бөлүгүндө, Синано д-нын чатында жайгашкан. Ниигата префектурасынын администрациялык борбору. Калкы 812,1 миң (2010). Түстүү металлургия, машина куруу, нефть-химиялык, текстиль, жыгаччылык, кагаз жана цемент ө. ж. ишканалары иштейт. ЖЭС, университет бар. Оранжерея уюштурулуп, гүл өстүрүү өнүккөн. Россиянын Находка ш. менен деңиз аркылуу тынымсыз байланышып турат.