НИГЕР (мамлекет)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИГЕР, Нигер Республикасы - Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Алжир, Ли­вия, чыгышынан Чад, түштүгүнөн Нигерия, түштүк-батышынан Бенин жана Буркино-Фасо, батышынан Мали менен чектешет. Аянты 1267

миң клг2. Калкы 15,9 миллион (2010). Борбору - Ниа мей. Администрациялык-аймактык жактан 8 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги - КФА франкы.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2001)

Облустары

Аянты, мин, км2

Калкы, миллион

Администрациялык борборлору

Агадес

634,21

0,32

Агадес

Диффа

140,22

0,33

Диффа

Досо

31

1,48

Досо

Маради

38,58

2,21

Маради

Ниамей

0,67

0,68

Ниамей

Тахуа

106,68

1,91

Тахуа

Тиллабери

89,62

1,86

Тиллабери

Зиндер

145,43

2,03

Зиндер

Н. - БУУнун (1960), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЭВФтин (1963), Африка бирим­диги уюмунун (1963) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - пар­ламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогор­ку органы - бир палаталуу парламент (Улут­тук Ассамблея). Аткаруу бийлигин премьер­министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Н-де көп партиялуу саясий система орун алган. Не­гизги партиялары: Демократия жана социализм үчүн Н. партиясы, Коомдук өнүгүү үчүн улуттук партиясы, Африка федерациясы үчүн Н. демокр. кыймылы, Демократия жана прогресс үчүн Н. альянсы ж. б.

Т а б и я т ы. Өлкөнүн дээрлик 80% ин Саха­ра чөлү, калган бөлүгүн Сахель жарым чөлү ээлейт. Рельефинде деңиз деңгээлинен 200-500 м че­йинки бийиктикке түздүктөр үстөмдүк кылат.

Аир массивинин бөлүгү.

Түндүк-батышында түштүктөн түндүктү карай 400 кмте, батыштан чыгышка 250 кмте созул­ган Аир массиви (түрдүү бийиктиктеги бөксө тоо­лор системасы) орун алган. Бул бөксө тоолор батышты көздөй ийилип, вадилер менен тилме­ленген. Аирдин чыгыш бөлүгү Тенере чөлүнө (400 миң клг2) жалгашат. Анын түндүгүндө (Аир жана Жадо бөксө тоолорунун ортосунда) жылып жүрүүчү кумдуу дюналар орун алса, борбордук бөлү­гүндө жар менен тилмеленген көптөгөн оазистер кездешет. Аирдин батышында Талак түздүгү, өлкөнүн түндүк-чыгышында кумдуу келген Жадо жана Мангени, андан чыгышыраак (Чад менен бол­гон чек арада) Афафи жана Чигаи бөксө тоолору бар. Эң бийик жери - Идукальн-Тагес чокусу (би­йикт. 2022 м). Н. Африка платформасында орун алгандыктан, кембрийге чейинки кристаллдык тектер кездешет. Кен байлыктары: уран, калай, вольфрам, ниобий, темир, тантал, молибден, алтын, марганец, кайнатма туз ж. б. Климаты түндүгүндө чөлдүү тропиктик (жаан-чачыны 100 лглгден аз), түштүктө субэкватордук (800 мм). Эң суук айы январдын орт. температурасы 20-24°С, жылуу май айыныкы 32-34°С. Жылдык жаан­чачыны 100-800 мм. Ири дарыялары: Нигер жана анын ири куймалары (Горуоль, Дарголь,

Сирба, Горуби, Тапоа, Алибори, Сота, Мекру). Көлү

- Чад. Топурагы күрсүз кызыл-күрөн. Чөл­дөшкөн саванна, жарым чөл жана чөл өсүмдүк­төрү, бадал, баобаб, пальма, манго, папайи ж. б. өсөт. Жаныбарлары: арстан, пил, жаныш, жи­раф, чөө, түлкү, төө куш, бүркүт ж. б. Дубль-Ве улуттук паркы уюштурулган.

К а л к ы н ы н көпчүлүк бөлүгүн хауса (55,4%) түзөт, ошондой эле дьерма, сонгои, фульбе, тауреги­лер, арабдар, француздар да бар. Расмий тили - француз тили. Калкынын 80% и мусулмандар (сүннөттөр), калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Христиан динин туткандар да кез­дешет. Орт. жыштыгы 1 клг2ге 11 киши (2008). Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 54,8), өлүм-житим төмөн (ЮООге 20,8). Калкынын жа-

Бахуа шаарындагы фестиваль эстелиги.

шынын орт. узактыгы эр­кектериники - 52 жаш, аялдарыныкы - 54. Шаар калкы 16% (2008). Ири ша­арлары: Ниамей, Зиндер, Маради ж. б.

Т а р ы х ы. Н. айма­гында адамдар байыртан эле жашап келгендигин Чад көлүнүн Түндүк-Батыш тарабынан табылган нео­лит мезгилине таандык ар­хеол. маалыматтар далил­дейт. 10-к-дан - 19-к-га чей­ин Н-дин чыгыш бөлүгү Кенел-Борну королдугунун, Түштүк аймагы Хауса мамле­кетинин (к. Хауса мамле­кети) курамында болгон. Европалыктар келгенге чейин Н-де кул ээлик жана алгачкы жамааттык коом­дук мамилелердин калды­гы менен чырмалышкан феод. коомдук мамиле өкүм сүргөн. Н-ге 1795-ж. алгач шотландиялыктар келген. 19-к-дын аягында Н-ди Франция басып алып,

1922-ж. Фр. Батыш Африка курамындагы Жо­горку Сенегал-Нигер колониясына кошкон. Н. элинин колониялык эзүүгө каршы күрөшүнүн натыйжасында, 1958-ж. өткөн референдум боюнча

Нигер аскерлери машыгууда.

Н. француз коомчулугуна кирип, «автономия­луу республика» болуп жарыяланган. Улуттук­боштондук кыймылдын күчөшүнөн улам Фран­ция 1960-ж. 3-августта Н-дин көз карандысыз­дыгын таанууга аргасыз болгон. Өлкөнүн пре­зиденттигине Амани Диори (1960-70) шайлан­ган. 1974-ж. Н-де аскер төңкөрүшү болуп, бий­ликке Сейни Кунче башында турган Жогорку аскер кеңеши келген. 1989-ж. жаңы конститу­ция боюнча өлкө жарандык башкарууга өткөн, бирок бир партиялуу система сакталып калган. Президенттикке Али Сейбу шайланган. 1990-ж.

көп партиялуу саясий система киргизилген. 1999- жылдан өлкө демокр. өнүгүү жолуна түшкөн. 2010-ж. жетинчи республика жарыяланып, жаны конституция кабыл алынган. 2011-жыл­дан өлкө президенти - Махаммад Иссуфу. 1960- жылдан Н. БУУнун мүчөсү.

Экономикасы. Н. - дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын өнүгүшү чет өлкөлүк финансылык жардамга көз каранды. ИДПнин көлөмү 10,5 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсү­нүн үлүшү (% менен) 44, ө. ж-дыкы 17, а. ч-ныкы 39 (2004). А. ч-нда эмгекке жарамдуу калктын 90% и иштейт. Уран (дүйнөдө 5-орунда), касси­терит, ниобий, таш көмүр, фосфорит ж. б. ка­зылып алынат. 2007-ж. 150 миллион кВт-с электр

Арлий шаарынын четиндеги уран ка­рьери.
Shape 4505

энергиясы өндүрүлгөн. Жер жаңгакты иргөөчү жана май сыгуучу цехтер, курулуш материалда­ры, тамак-аш (анын ичинде пиво кайнатуу өнүккөн), күндөлүк керектелүүчү товарларды чыгаруучу ишканалар иштейт. Экспорттук а. ч. продукту­лары - пахта, жер жаңгак, мал эти ж. б. Негизги азыктары - таруу, ак жүгөрү. Ошондой эле маниок, батат, күрүч, пияз, жашылча-жемиш, бал ка­мыш, тропик жемиштери өстүрүлөт. Малы жа­йытта багылат. Бодо мал, төө, жылкы, эчки, кой асыралып, үй куштары багылат.

Нигер акчасы - КФА франкы.

Нигер д-нда, Чад көлүндө балык кармалат. Автомо­биль жолунун уз. 18,6 миң км. (-2006; анын ичинде ас­фальтталганы 3,8), т. ж. жок. Сыртка уран кон­центраттарын, пахта, тирүү мал, эт, булгаары, тери, жер жаңгак майы ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктери: Япония, Европа союзуна кир­ген мамлекеттер, Кытай, Алжир, Нигерия.

Нигердеги мечит.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Оку­туу француз тилинде жүргүзүлөт. 15 жаштан жо­гору калктын сабаттуулугу 51% ти түзөт (2008). Ниамей ш-нда Мамлекеттик университет, Сай ш-нда Ислам университети, ошондой эле илимий мекемелери бар. «Сахель», «Тан дю Нижер» ж. б. гезиттер чыгат. Радиоуктуруу­су (1967-жылдан), телекөрсөтүүсү (1979-жылдан) иштейт. Шаарларда үйлөр банкодон курулат. Ниамей ж. б. ш-дын жаңы кварталдарында за­манбап азыркы типтеги имараттар менен курул­ган. Чыгыш жана борбордук р-ндорунда банкодон ку­рулган мечиттер бар. Айыл жерлеринде саман­дан жасалган алачый-хижиналар (түштүк-батыш райондордо), таштан курулуп, төбөсү чөп менен жабылган үйлөр көп. Түндүгүндөгү көчмөн уруу­лар тери менен жабылган чатырларда жашашат. Жаңы стилдеги театры 20-к-дын ортосунан өнү­гө баштаган. Н-дин тунгуч драматургу Дандо­би Махаман болгон. Анын «Эчкинин кылык­жоругу» (1955) жана «Кабри Кабранын легенда­сы» (1956) деген пьесалары коюлган. 1964-жыл­дан жыл сайын жаштардын жумалыгы өткө­рүлүп турат.