НИВЕЛИРЛӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИВЕЛИРЛӨӨ - жер бетинде белгиленген че­киттердин бийиктигин алгачкы («нөл» бийик­тик) бийиктигине же деңиз деңгээлине салыш­тырып аныктоо. Топогр. съёмкада (ар кандай курулуштарды, темир жана шоссе жолдорун ку­рууда, инженердик иштерде, нивелирдик торлорду түзүүдө ж. б.) колдонулуучу геодезиялык өлчөөлөрдүн бир түрү. Жер бетинин түзүлүшүн, түспөлүн, ке­бетесин, океан-деңиз сууларынын деңгээлин эсеп­теп чыгып, так маалыматтарды берет. Жер бе­тинин өйдө-төмөн көтөрүлүп түшүүсүн аныктайт. Геометриялык, тригоном., барометрдик, гидростатика­лык ыкмалар колдонулат.

нивх тили,гиляк тили - нивхилердин тили. Генетикалык жактан обочолонгон тил, шарттуу түрдө палеоазия тилдери деп аталуучу тилдерге кошушат. Теги жана түзүлүшү толук тактала элек. Флексия элементи бар мүчөлөмө (агглютинацияланлама) тил. Амур, чыгыш са­халин диалектилери бар. Нивх адабий тили амур диалектисинин негизинде өнүгүүдө.