НЕФТЬ ӨТКӨРГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ ӨТКӨРГҮЧ - нефть жана нефтини кай­радан иштеткенден кийинки продуктуларды, аны өндүрүп алып жаткан аймактан керек­телүүчү жерге (анын ичинде темир жол, деңиз транс­портторуна) чейин ташуучу курулуштардын комплекси. Буга жер астындагы жана суу алдын­дагы куурлар, башкы жана ортонку нефть сор­дуруучу насос станциялары, нефть сакталуучу жана кошумча курулуштар кирет. М аг и стр а л­дуу өткөргүчтөр нефть менен нефть продуктуларын 2000 клгден алыс аралыкка че­йин ташып жеткире алат. Диаметри 200 лглгден 1220 лглгге, басымы 5-6 М.'н.1сзл>- (50-60 кгс/см2) жетет. Нефтини башкы магистралдуу өткөргүчкө жеткизүүдө уз. ондогон клгге жеткен к о ш у м­ча өткөргүчтөр колдонулат. Ич ара ташууда промыселдик, заводдук, нефтебазалык түтүктөр пайдаланылат. Түтүктөрдү ар кандай коррозиядан жана жолбун электр тогунан сактоо үчүн антикоррозия, электр-химиялык ыкмалар колдонулат. Тез тоңуучу, бат коюулануучу нефть станцияларда, пункт­тарда атайын жылытылып коё берилет.

Биринчи уз. 6 клгге жеткен Н. ө. 1865-ж. АКШ­да курулган. 1878-ж. Бакуда да башталган. 1897-жылдан 1907-ж. чейин В. Г. Шуховдун дол­боору менен диаметри 200 мм болгон өткөргүч, Ба­кудан Батумиге (835 км аралыкка) жеткирилип, 16 станция курулган. Кийин уз. 8527 клгге жет­кен Урал - Сибирь (Альметьевск - Горький - Ярославль - Кирши - Рязань, Москва менен бир­ге); түштүк-батыш (Альметьевскиден Куйбышев­ге, андан ары «Дружба» - Полоцк - Вентспилс) тарапка 3500 клгге созулган өткөөлдөр курулган.