НЕФТЬ-ГАЗ КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ-ГАЗ КЕНДЕРИ - түзүлүшү боюнча бири­биринен айырмаланган, чөкмө тектердин ара­сына топтолгон нефть менен газдын чогундусу. Көмүртектүү органикалык заттар борпоң тектердин ара­сына сиңип, өз алдынча топтолот да, ар кандай өлчөмдөгү, чондуктагы бассейндерди пайда кы­лат. Газ нефть менен бирге эринди түрдө топто­лот. Нефтилүү кабаттардын астынкы же үстүнкү бөлүгүнө жыйналат. Дүйнө жүзүндөгү 28 миң нефть кендеринин 15-20% ин Н.-г. к. түзөт. Ири кендери Кытай, Полыпа, Венгрияда, Түштүк-Ба­тыш Азия өлкөлөрүндө, Түштүк жана Батыш Аф­рикада, Америкада, Каспий деңизинин жээк­теринде, Краснодар крайында, Тиман-Печора аймагында, Сахалин ж. а-нда кездешет. 1941- 45-ж. Волга-Урал, 1950-60-ж. Батыш Сибирь ири нефть-газ аймактары белгилүү болгон. Ки­йинки кездерде ири кендери Батыш Түркмөн­станда, Улуу Британияда, Норвегияда, Дания­да ж. б. жерлерде белгилүү болду. Кыргызстандын аймагында Н.-г. к. Баткен, Жалал-Абад, Ош обл-нда кездешет.

Ад.: Гришин Ф. А. Промышленная оңенка месторож­дений нефти и газа. 2-е изд. М., 1985.