НЕФЕРТИТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФЕРТИТИ - Байыркы Египет ханышасы (биздин заманга чейинки 14-к-дын башы), Аменхотеп ГУнүн (Эх­натондун) жубайы, мүмкүн аталаш (энелеш) ка­рындашы. Күйөөсүнүн диний реформаларын

Нефертитинин бюс­ту. Берлин.

жүргүзүүгө катышкан болушу ыктымал.- Ант­кени ал реформалардан кийин аты өзгөртүлүп, Нефер-Неферу-Атон («Атон сулууларынын су­луусу») аталган. 1912-ж. Тель-эль-Амарнада скульптор Тутместин өнөрканасын казуу учу­рунда Н-нин скульптуралык портреттери табыл­ган (Каир жана Берлин мамлекеттик музейлеринде сакта­лууда). ,