НЕРУ
НЕРУ Жавахарлал (14. 11. 1889, Индия, Аллахабад - 27. 5. 1964, Дели) - Индиянын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1947-жылдан Индия Респнын премьер-министри жана тышкы иштер министри. Улуттук-боштондук үчүн күрөштө М. К. Ганди менен бирге Индия улуттук конгрессинин (ИУК) жетекчилеринин бири. Харроудагы мектепти жана Кембриж (Улуу Британия) университетин бүткөн. 1912-ж. ИУКка кирип, 1918-жылдан ИУКтун жалпы

индиялык комитетинде жетекчи кызматта, 1929-30-, 1930-37-, 1940-, 1951-54-ж.
ИУКтун төрагасы болгон. Англ. колониячыларга каршы үгүт жүргүзгөндүгү үчүн камалып, түрмөдө олтурган. Н. «Жаңы Индияны куруучу» улуттук жетекчи катары тарыхка кирген. 1938-жылдан Улуттук пландоо комитетин (ИУКтун органы) жетектеген. Ал келечектеги көз карандысыз Индиянын экономикасын куруу программасын, өлкөнүн ички-тышкы саясатынын негизги принциптерин («Неру багытын») иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жетекчилик кылган. Н. өкмөтү тышкы саясатында тынчтыкты, эл аралык кызматташтыкты жактап, согуш коркунучуна, неоколониализм менен расизмге каршы чыккан.