НЕРИТ ЧӨКМӨЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕРЙТ ЧӨКМӨЛӨРҮ - тайыз деңиздердеги чөкмө тектер. Негизинен кесек талкаланган (сайташ, топташ, кум, алевролит), чополуу жана органогендүү, кээде хемогендүү тектер кездешет. Кескин фациялык өзгөрүүлөр байкалат. Деңиз түптөрүндө жашоочу организмдердин көп сандаган калдыктары жолугат.