НЕПТУНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПТУНЙЗМ (латынча Neptunus - Нептун, рим мифологиясындагы деңиз жана суу кудайы) - 18- к-дын аягы - 19-к-дын башындагы бардык тек­тер чөкмө түрүндө суудан пайда болот деп кара­ган геол. концепция. Ал кезде геология илими өз алдынча илим болуп бөлүнө элек эле. Н-ди А. Г. Вернер (Германия) негиздеген; жактаган­дар А. Делюк (Франция), Р. Кирван (Улуу Бри­тания) болгон. Булар тоо тектерди «биринчи» - дүйнө жүзүн каптап жаткан алгачкы океанда­гы химиялык кристаллдашуудан пайда болгон (гра­нит, гнейс, кристаллдуу сланецтер ж. б. магма­лык жана метаморфизмделген) тектер жана «экин­чи» - жогорку тектерди жаап жаткан топон суудан келип чыккан катмарлар (акиташ теги, көмүр, гипс, туздар ж. б.) деп эки топко бөлүш­көн. Нептунисттердин ою боюнча жогорку тектер орун алгандан кийин эч кандай өзгөрүүлөр, тек­тон. процесстер болгон эмес. Алар азыркы кез­деги геол. агенттерге (атм. жаан-чачынга, агын сууларга ж. б.) маани бербей, кум менен шагыл пайда кылуучу алсыз күч деп түшүнгөн. Магма тектер жер астындагы көмүрдүн күйүшүнөн ке­лип чыгат деп, ал эми базальттын чөкмө түрүндө пайда болору жөнүндөгү Вернердин оюн талкуулап, жанартоодон пайда болгон деп далилдөөгө ара­кеттенишкен. Магмалык жана чөкмө тектер жөнүндө илимий түшүнүктөр келип чыккандан кийин Н. өзүнүн маанисин жоготкон.