НЕПТУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПТУН - Күн системасындагы Күндөн баш­тап санаганда сегизинчи планета. Немис астро­номдору И. Галле менен Дж. Адам 1846-ж. ачышкан. Кунгө чейинки орт. аралыгы (ор­битанын чоң огу­нун жарымы) 30,06 а. б. же 4500 миллион км. Н-дун түсү, чоңдугу, мас­сасы жана атм-сы Уранга

окшош. Н.

орбита боюнча 5,4 км/сек орт. ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук бир жолу (айлануунун си­дерикалык мезгили) айланып чыгат. Анын диа­метри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсеге чоң (49500 км), атм-сы негизинен метандын кошундусу менен молекулалуу суутектен турат. Н-дун көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе, масса­сы Жердикинен 17,28 эсе чоң (1,03-1026кг), орт. тыгыздыгы 1,84 г!см?. Анын бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу 11 лг/сек2га жакын. Н-дун бетинде өтө чоң шамал ылдамдыгы (2000 кж/с) катталган. Эки жандоочусу (Три­тон, Нереида) бар.