НЕПАЛДАР
НЕПАЛДАР (өздөрүн непалдар, кхастар, парбатиялар, гуркхтар деп аташат) - Непалдын негизги калкы, инди-арий тобундагы элдердин бири. Индия, Сауд Арабиясы, Малайзия, АКШ, Япония, Катар, Англия, Кытай, Австралия, Канада ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 20 миллион киши, анын ичинде Непалда 14 миллион, Индияда 4,2 миллион киши (2012). Непал тилинде сүйлөшөт. Диний ишеними - индуизм, буддизм Биздин заманга чейинки 1- миң жылдыктагы индиялык булактарда Н-дын ата-теги - кхастар деп эскерилет. 13-14-к-да кхастардын магар, гурунг ж. б. уруулардын бир бөлүгү менен аралашуусунун негизинде кхас этносу пайда болуп, гуркхтардын калыптанышына негиз түзгөн. Н. төмөнкү кастанын өкүлдөрү, мүмкүн абориген урууларына кирген. 18-к-дын 2-жарымында непал этносу калыптанган. 20- к-дын ортосунан улуттук консолидация процесси күч алган. Н. эки же үч кабаттуу кыштан тургузулган үйлөрдө жашап, дыйканчылык менен кесиптенишкен. Эркектердин салттуу кийимдери - тик жакалуу көйнөк (даура), шалбар (сурувал), узун белбоо (патука), күрмө. Аялдары кооздуктарды тагынып, сары түстө (көбүнчө шаардыктар) кийинишет. Тамак-ашы - негизинен күрүч, кара буудай менен жүгөрүдөн даярдалган нан, сүт (буйвол сүтү) азыктары. Майрам күндөрү жана курмандык чалууда эт пайдаланылат.
