НЕОФАШИЗМ
НЕОФАШИЗМ - 2-дүйнөлүк согуштан кийин таратылган фашисттик уюмдардын саясий жана идеялык багытын уланткан азыркы замандагы оңчул-радикалдык кыймыл (к. Фашизм). Азия менен Африкада колониялык системанын кыйрашына байланыштуу Батыш Европадагы мурдагы метрополияларга иммигранттар келе баштаган. Алардын көбөйүшүнө байланыштуу Европада 1960-80-жылдары оңчул-радикалдык багыттагы уюмдар Германия, Улуу Британия, Франция, Австрия, АКШ (Жон Бэрчтин коому, америкалык улутчулдук партия ж. б.) жана Батыш өлкөлөрдө (бөтөнчө Эстония менен Латвияда), Россияда (Элдик улуттук партия, Орус улуттук биримдиги, Славян союзу, Мыйзамсыз иммиграцияга каршы кыймыл ж. б.) уюшулуп, Н. күчөгөн. Европалык социалдык кыймыл (Мальмё интернационалы), Европалык улуттук партия ж. б. сыяктуу кээ бир неофашисттик уюмдар эл аралык деңгээлде түзүлгөн. Нгуманизмге каршы турат жана фашисттик атрибуттарды (свастика, кара түстөгү униформа, фасция ж. б.) жана ырымжырымдарды (колун өйдө көтөрүп учурашуу ж. б.) колдонот. Социалдык жана улутчулдук демагогия методдорун пайдаланып, неофашисттер өлкө калкынын айрым бөлүгүнө (майда ишкерлерге, орто катмардагы чиновниктерге, жаштарга) таасир этүүгө аракеттенет. Неофашисттик уюмдар менен топтордун таасири анча болбосо да, алар кыйла коркунучтуу болуп саналат. 1991-ж. СССР тарагандан кийин элдин турмушунун начарлашы, жумушсуздук жана Кавказ менен 0. Азиядагы улуттар аралык чыр-чатактардын натыйжасында Россияда да орус улутунун мүдөөлөрүн барынан жогору койгон радикал партиялар менен кыймылдар тез күч ала баштаган. Н-ге коомдун демократияланышы жана күчтүү мыйзамга баш ийүү гана тоскоолдук боло алат.